Париждеги Олимпиада оюндарында кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров өзүнүн беттешин жеңиш менен баштады.
Дзюдочу 90 кг салмак категориясында 1/16 финалда кубалык Силва Моралез менен кез келип, жеңишке ээ болду.
Эми ал 1/8 финалда испаниялык спортчу Тристани Мосахлишвили менен беттешет.