• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Олимпиада: Күмүш алган Акжолду кандай сыйлык күтөт?

3 Баш оона 2021 18:20 Бишкек Govori.TV

Балбан Акжол Махмудовдун күмүш медалы Кыргызстанды Олимпиада оюндарында байге алган мамлекеттердин катарына кошуп, өлкөбүз тизмеде 67-орунда.

Кыргызстандан Токио Олимпиадасына 16 спортчу аттанган. Мамлекет алтын байге уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш алгандарга жети, ал эми коло байге алгандарга беш миллион сом сый акы берүүнү убада кылган. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов машыктыруучуларга да сый акы берилерин өткөн аптада спортчуларды Токиого узатып жатып билдирген.

«Башкы машыктыруучуга сыйлык акы спортчунун акчалай сыйлыгынын 30 пайыз өлчөмүндө төлөнсө, улук жана жеке машыктыруучуларга спортчунун акчалай сыйлыгынын 25 пайыз өлчөмүндө төлөнөт. Ал эми биринчи машыктыруучуга спортчунун акчалай сыйлыгынын 10 пайыз өлчөмүндө төлөнөт», — деп билдирген Марипов.

23-июлда расмий ачылган Олимп-2020 мелдештери 8-августта жыйынтыкталат.

Белгилей кетсек, 22 жаштагы Махмудовдун күмүш байгеси эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимпиада оюндарындагы экинчи күмүш. 2008-жылы грек-рим күрөшү боюнча Канат Бегалиев 66 килограмм салмакта финалда жеңилип, 2-орунду ээлеген.

Количество просмотров: 5541