Аралыкта окуп жаткан окуучулардын ата-энелери тааныштары, кошуналары менен чогулуп балдарына мугалим жалдап окутуп жатышат. Бул тууралуу билдирүүнү соцтармактын колдонуучусу жазды.
Анын айтымында, окуучулар онлайн окууну алып кете талбай кыйналып жатышкан. Ал эми ата-энелери мугалим жалдап, сабактарын окутуп жатышат.
«Мугалим окуучуларды чогултуп өз үйүндө же окуучунун үйүнө келип сабак даярдашат. Ал үчүн ал күнүнө 300 сомдон алат», — деп жазат ал.