Социалдык тармактарда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин аккордеондун коштоосунда ырдап жаткан видеосу тарап, көпчүлүктүн көңүлүн бурду.
Видео качан жана кайда тартылганы белгисиз.
Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлигиндеги реформа, министр Алымкадыр Бейшеналиевдин иш-аракеттери күндүн темасынан түшпөй келет. Министрди сындагандар, ошол эле маалда анын кадамдарын колдогондор да бар.
Белгилей кетсек, министр бир катар медициналык мекемелерди бириктирип, жаңы бөлүмдөрдү түзүп, кээ бирин таптакыр жоюп жатат, бир нече таанымал дарыгерлерди сындап, иштен алды. Мамлекеттик ооруканаларда жайгашкан бир нече менчик медицина борборлорун имараттан чыгарууда чыр чыкты. Ошондой эле онго чукул медициналык окуу жай жабыларын кабарлаган. Министрдин дээрлик бардык кадамдары чыр менен коштолууда.