• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ооганстандан Кыргызстанга качкындар келип жатабы? УКМКнын жообу

20 Баш оона 2021 13:39 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы Кыргызстанда социалдык тармакта талкууланып жаткан «өлкөгө Ооганстандан келген качкындар көбөйдү» деген маалыматтарды төгүндөдү.

«Кыргызстандын Ооганстан менен жалпы чек арасы жок. Ошентсе да кыргыз чек арачылары Ооганстандын Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чегиндеги абалды көзөмөлдөп турат. Коңшу өлкөлөр менен маалымат алмашуулар жүрүүдө», — деп билдирет аталган бөлүм.

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек арасында коопсуздук көзөмөлдө деп билдирди. Ооганстандын жарандарына Кыргызстанга кирүү үчүн виза режими жөнөкөйлөтүлгөн эмес.

Расмий маалымат боюнча жылына оогандыктар Кыргызстандан виза алуу үчүн 300дөн 500гө чейин документ тапшырышат. Алардын 300дөйү билим алуу үчүн виза тапшыргандар.

Буга чейин Ооганстандагы абал курчуганына байланыштуу кыргыз бийлиги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча Конвенциясына мүчө өлкө катары Ооганстандагы памирлик 1200дөй кыргызды кабыл ала аларын билдирген.

Количество просмотров: 290