• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ооганстандагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1100 адамдан ашты

2 Аяк оона 202514:39 Бишкек Govori.TV

Ооганстандагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1 миң 124 кишиге жеткенин Кызыл Чырым коому билдирди. Эл аралык уюмдун маалыматына караганда, жеринде гуманитардык жардам берген топтор иш алып барып жатат.

“3 миң 251 киши жараат алды жана 8 миңден ашык турак жай кыйрады”, — деп билдирди Кызыл Чырымдын Ооганстандагы өкүлчүлүгү.

Ооганстандын чыгышында, Гиндукуш аймагында 6,0 баллдык жер титирөөдөн жүздөгөн киши каза тапканы кабарланды.

Количество просмотров: 95