• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ооруканадагы өрт: 2 баланын өлүмүнүн себеби эмне болгон?

13 Бирдин айы 202511:24 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов «Майдан» дебаттарында өрт чыккан Жүрөк хирургиясы жана орган алмаштыруу илимий-изилдөө институтундагы эки баланын өлүмүнүн себеби тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, өрт жер төлөдөн чыккан жана түтүнү жогорку кабаттарга, анын ичинде палаталарга жана жандандыруу бөлүмүнө тараган.

«Дарыгерлер бейтаптарды коңшу бөлүмгө эвакуациялай башташкан. Каза болгон 2
балага операция жасалып, абалы оор болгон. Бирок аларды көчүрүү керек болчу», — деди ал.

Эске сала кетсек, өрт тууралуу маалымат 11-февралда саат 21.00дөр чамасында түшкөн. Окуя болгон жерде алты өрт өчүрүү бригадасы иштеген. Өрт саат 23.15те толугу менен өчүрүлгөн.

Жүрөк хирургиясы институтунда өрттөн 1 жаш 7 айлык бөбөк менен 16 жаштагы өспүрүм көз жумган.

Ал эми калган бейтаптар башка ооруканаларга көчүрүлгөн. Абалына жараша тариздөө иши менен айрымдары үйлөрүнө жиберилген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кырсыктын себептерин аныктоо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүү тапшырмасын берген. Ал эми кырсык боюнча Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоду. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу” деген 257-беренеси менен ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 195