• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ооруканадагы өрт: Эки баланын абалы оор бойдон калууда

17 Бирдин айы 202511:29 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтундагы өрттө жабыркаган бейтаптардын абалы айтылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, ооруканаларда учурда 25 бейтап бар, алардын 13ү балдар. Жандандыруу бөлүмүндө эки бала жатат, алардын абалы оор бойдон калууда.

Эске салсак, 11-февралда Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда өрт чыккан маалда 104 адам болгон. Өрттун кесепетинен 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм каза тапкан.

Тилсиз жоого байланыштуу ИИМ кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 236