• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Orda.kz басылмасынын негиздөөчүсүнүн батири менен кеңсесинде тинтүү жүрдү

2 Бештин айы 202511:01 Бишкек Govori.TV

Orda.kz басылмасынын негиздөөчүсү жана башкы редактору Гүлнара Бажкенованын Алматыдагы батиринде жана редакциянын кеңсесинде тинтүү жүргөн.

Полиция департаменттин басма сөз кызматы кабарлагандай, «жалган маалыматты атайын таратуу фактысы» боюнча кылмыш иш козголду, доо арыз жазгандардын жүйөсү текшерилип жатат.

«Натыйжада 2024-жылкы материалдардын биринде тартип коргоо органдарынын кызматкери пара алып аткан жеринен кармалды деген чындыкка коошпогон маалымат жарыяланганы аныкталды», — деп айтылат билдирүүдө.

Журналисттер Бажкенова жана сайттын кызматкерлери менен байланыша алган жок. Басылманын адвокаты Мурат Адам журналисттердин чөнтөк телефондорун алып коюшканын, өздөрү кеңседе кармалып жатканын айтты.

Адвокат доо арызды көрө электигин, доомат тууралуу эч нерсе айта албасын кошумчалады.

Полиция Б. аттуу жарандын аракети сөз болгон кызматкердин «кесиптик ишмердиги тууралуу бурмаланган пикир калыптандырганын, анын аброюна доо кеткенин» белгиледи.

Полиция мүлк талашы тууралуу да жалган маалымат таратылганын маалымдады.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 135