• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Орхан Инанды өлкөгө кайтарылсын!» деген талап менен митинг өтүп жатат

6 Теке 2021 11:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-июлда «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын Кыргызстанга кайтарылышын талап кылгандар Ак үйдүн алдында митингге чыгышты.

Нааразычылык акциясына 10го чукул адам чогулган.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-июлда бир айдан ашык убакыттан бери дайыны чыкпай жаткан «Сапат» билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Ал Инандыны «ФЕТОнун Борбор Азия боюнча башкы жооптуу өкүлү» деп атады жана аны алып келүү чалгынчылардын «сабырдуу иш-аракеттеринин» негизинде» ишке ашканын билдирген.

Количество просмотров: 652