• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ормонов Улугбек Зулпукарович

депутат Жогорку Кеңешинин VII чакырылышы (Ишеним)

«Ишеним» парламенттик фракциясы
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети
1963-жылы 3-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Баштөбө айылында туулган;
Жогорку билимдүү. 1986-жылы Воронеж политехникалыкинститутунунфизико-техникалык факультетин, 1992-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетини экономикалык факультетин бүтүргөн;
2008-жылы Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиясынын “Юриспруденция” кесибин артыкчылык менен бүтүргөн;

Эмгек ишмердүүлүгү:
Эмгек жолун 1980-жылы Өзгөн районунун “Өзгөн” совхозунда жумушчу болуп баштаган;
1981-1986-жылдары Воронеж политехникалык институтунунстуденти;
1986–1988-жылдары – “Приборостроительный завод им. 50-летия Киргизской ССР”, мастер;
1988–1991-жылдары – “Приборостроительный завод им. 50-летия Киргизской ССР”, өндүрүш цехини башчысынын орун басары;
1991-1992-жылдары- “Приборостроительный завод им. 50-летия Киргизской ССР”, цехтин башчысы;
1992-1993-жылдары– “Приборостроительный завод им. 50-летия Киргизской ССР”, экономикалык суроолор боюнча директордун орун басары;
1993-1997-жылдары– АК “ТНК “Дастан” ишканасы, экономика боюнча вице-президенти;
1997-2004-жылдары– АК “ТНК “Дастан” ишканасы, Генералдык директордун экономика боюнча орун басары;
2004-2005-жылдары– АК “ТНК “Дастан” ишканасы, коммерция боюнча директору;
2005-жылдын мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинине №38 бир мандаттуу округунан депутат болуп шайланган;
2006-жылы Эмгек жана миграция саясаты боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеген;
2007-жылдын ноябрынан декабрга чейин – АК “ТНК “Дастан” ишканасы, башкарманын төрагасы;
2007-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешини депутаты болуп шайланган;
2007-жылдан баштап Жогорку Кеңештин Өндүрүш, соода, туризм, ийри жана кичи бизнес, транспорт, байланыш, курулуш жана архитектура боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеген;
2009-2010-жылдары Жогорку Кеңештин “Ак-Жол” фракциясынын лидери;
2014-жылдан баштап АЧК “ФККС”, директорлор кеңешинин мүчөсү;
2016-жылдын майында «Бир Бол» саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган;
2021-жылдын ноябрында «Ишеним» саясый партиясынын тизмеси боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган;
Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер.Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык кызматынын отличниги;
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине 70-жыл”, Орус суу алдындагы флотунун 100-жылдыга арналган, КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттери аралык Ассамблеясынын 15-жылдыгына арналганмедалдары менен жана Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгына, достугуна чоң жеке салым кошкондугу үчүн Улуу Петр II даражадагы Ордени менен сыйланган;
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Количество просмотров: 26