• Бейшемби 18 Кулжа 2026
  • Четверг 18 Июнь 2026

Орозбаев: Кара-Кечеде суткасына 7 миң тоннадан кем эмес көмүр жүктөлүүдө

12 Бештин айы 202213:28 Бишкек Govori.TV

“Кыргызкөмүр” ишканасы күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Марат Орозбаев билдирди.

Анын айтымында, Кара-Кечеге келген кардарлар бир сутка ичинде көмүр жүктөп, чыгып кетүүдө.

“Суткасына 7 миң тоннадан кем эмес көмүр жүктөлүүдө. Кенде 200 миң тонна көмүр жүктөгөнгө даяр. Бишкек 90-95 пайызга көмүр менен камсыздалган, баасы 4 миңден 6 миң сомго чейин болууда. Баалар кызмат көрсөтүүсүнө жараша болот. Аймактарга да көмүр ташылууда”, — дейт ал.

Количество просмотров: 101