Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 20-мартты Орозо айт майрамы деп жарыялады. Демек, орозо айт жума күнгө туш келип, кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алышат.
Айта кетсек, Нооруз быйыл 21-март, ишембиге туура келет, бирок жаңы Эмгек кодексинде ишемби жана жекшемби күндөрүнө туура келген дем алыш күндөрүн жылдыруу талабы жокко чыгарылган. Эми майрамдар кийинки иш күнүнө жылдырылбастан, ошол эле күнү белгиленет.