Орозо кармаган жарандарга эмдөөдөн өтүүгө болот. Бул маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендигин, Республикалык штаб кабарлады.
Маалыматка ылайык, эмдөөдөн орозо бузулбайт жана ооз ачылып калбайт. Коронавирус инфекциясынын өтө оор формасына чалдыгып, орозо кармаганга дарамети жетпесе, анда ал адамга орозо кармабаганга уруксат берилет.
Эскерте кетсек, быйыл Рамазан айы 2-апрелден башталат.