• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Орто-Сай базарында рейд жүрүп, 40 башаламан соода түйүнүн жоюлду

19 Бештин айы 202315:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясы башаламан соода менен күрөштү улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, бул жолу Октябрь акимчилигинин кызматкерлери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгы менен биргеликте Юнусалиев көчөсү менен Сүйөркулов көчөсүндөгү Орто-Сай базарынын айланасында рейд жүргүзүп, 40 башаламан соода түйүнүн жойду.

Мындан сырткары өрт коопсуздугун чыңдоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, рейддер Орто-Сай базарында, Ынтымак-2 эс алуу багында, Көк-Жар кичирайонунда жана Сүйөркулов, Юнусалиев көчөлөрүндө өткөрүлдү.

Количество просмотров: 125