Октябрь районунда Орто-Сай базарынын аймагында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.
Бишкек мэриясы тараткан маалыматка ылайык, кызматкерлер тарабынан Юнусалиев көчөсүндөгү жайма базардын соодагерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ошондой эле Сүйөркулов көчөсүндөгү 20дан ашык башаламан соода түйүндөрү иретке келтирилди.
Белгилей кетсек, рейддик иш-чаралар туруктуу негизде өткөрүлүп турат.