• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Орто-Токой суу сактагычы ижарага берилгенби? Министрликтин жообу

13 Үчтүн айы 2022 15:54 Бишкек Govori.TV

Айыл чарба министрлиги Ысык-Көл менен Нарын облустары чектешкен жерде жайгашкан Орто-Токой суу сактагычы ижарага берилип, бул жайдан балык уулоого тыюу салынганы тууралуу түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы конкурстук негизде «Орто-Токой ынтымагы» жоопкерчилиги чектелген коом өкмөт өткөргөн сынакта жеңүүчү деп табылып, аталган суу сактагычты ижарага алган. Ишкана былтыр августта аталган министрликке караштуу Балык департаменти менен балык өндүрүү, балык уулоо жана балык өстүрүү үчүн пайдаланууга берүү жөнүндө келишим түзгөн.

«Департамент 2019-жылы Орто-Токой суу сактагычына 800 миң даана, 2020-жылы 450 миң даана, ал эми 2021-жылы 500 миң даана лудога май канаты (сиг-лудога) балыгынын чабактарын кое берген. Учурда аталган суу сактагычта чабактар өстүрүлүүдө, буга байланыштуу «Орто-Токой ынтымагы» балык уулоого уруксат бербейт», деп айтылат маалыматта.

Буга чейин айрым балыкчылар «Орто-Токойдун» «кожоюндары» балык уулоого уруксат бербей жатканына даттанышкан жана суу сактагычтын ижарага берилгенине байланыштуу Башкы прокуратурага кайрылышкан.

Количество просмотров: 2647