• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Кыргыз-казак чек арасындагы узун кезек. Айыл чарба министрлиги үн катты

22 Баш оона 2023 12:05 Бишкек Govori.TV

Айыл чарба министрлиги «кыргыз тарап суу бербей койгону үчүн Казакстан чек арадан жүк ташуучуларды өткөрбөй жатат» деген маалымат боюнча үн катты.

Кыргыз ирригация илим-изилдөө институтунун директору Улан Чортомбаев суу сактагыч какшып калганы үчүн Кыргызстан суу берүүнү токтотконун айтты.

«Силер бажы постторунан биздин жүк ташуучу машиналарды өткөрбөй, чек ара постторуңарда узун кезек күттүрүп койдуңар. Себебин «биз силерге суу бербей токтотуп койду» деп түшүндүрүп жатасыңар. Жаздан бери Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарынан тынымсыз суу бердик. Өзүбүздө суу жок калса дагы эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерди, протоколдорду жана милдеттенмелерди толугу менен аткардык. Өзүңүздөр көрүп тургандай, мына бул Киров суу сактагычындагы спутниктен алынган биринчи сүрөт жаз мезгилиндеги суу толуп турган кези. Экинчи сүрөт бүгүнкү ахыбалы. Суу жок. Суу жок болсо силерге эмнени берели? Суу бар туруп, силерге бербей жаткандай көрбөгүлө. Азыр 21-кылым. Спутник аркылуу баарын көрүп алсаңар болот. Ушул суунун түбүндө балыктар калды. Бул сууну агызып жиберсек балыктар өлүп жок болот. Балыктардын да жашоого акысы бар го акыры. Келгиле бири бирибизге бөгөт койбостон бир туугандык мамиле менен ишибизди уланта берели. Чек араңарды жаппай, тескерисинче машиналарды тез-тез өткөрүп тургула»,-деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 21-августта «Ак-Тилек» өткөрүү пунктунун алдында узун кезек жаралган. Айрым ЖМКлар айдоочуларга таянып «Кыргызстан суу бербей жатат деп чек арасын жаап алганын» жазышкан.

Количество просмотров: 103