Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан Токтогул жол тейлөө ишканасында текшерүү жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталып, жыйынтыгында доо коюлду.
«Аталган мекемеге караштуу асфальт-бетон заводу 20 диаметрдеги суу түтүгү аркылуу жер үстүндөгү сууну пайдаланганы аныкталган. Бул боюнча №222 токтомдун негизинде 58 миң 320 сом өлчөмүндө доо эсептелди. Тактап айтканда, мекеме сууну пайдаланып келгенине карабастан, тиешелүү төлөмдөрдү өз убагында төлөгөн эмес», — деп жазылат маалыматта.