• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Орто-Токой суу сактагычына 1 млн 200 миң чабак кое берилди

20 Жалган куран 2024 10:42 Бишкек Govori.TV

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин «Тоң балык заводу» мамлекеттик ишканасы Орто-Токой суу сактагычына 1 млн 200 миң даана жашоого жарамдуу сига-лудога балыгынын чабактары кое берилди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, балыктандыруу КР УИА БИ Ихтиология жана гидробиология лабораториясы, Жаратылыш ресурстары, экологиялык жана техникалык көзөмөл министрлигинин экологиялык жана техникалык көзөмөлдүн аймактык бөлүмү, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы, Департамент ж.б. өкүлдөрүнүн катышуусунда комиссия тарабынан жүргүзүлдү.

Бул иштер балыкты сактап калуу жана санын көбөйтүү максатында үч жылдан бери жасалып келе жатат. Баштапкы салынган чабактар азыркы тапта салмак алып, сатууга жарап калган. Улуттук илимдер академиясынын изилдөөсүндө суу сактагычта балыктар жакшы өсө тургандыгы аныкталган.

Количество просмотров: 86