• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Орто-Токойго чакан ГЭС куруу боюнча келишимге кол коюлду

14 Үчтүн айы 2023 13:44 Бишкек Govori.TV

Күн мурун, 13-январда Кыргызстандын Энергетика министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд жана «China National Heavy Machinery Corporation» компаниясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Меморандумга төмөнкүлөр камтылган:

1) Өнөктөштүк мамилелерди жана стратегиялык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, бул Кыргызстандынн энергетика тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт;

2) Кубаттуулугу 21 Мвт. түзгөн Орто-Токой суу сактагычында чакан ГЭС (гидроэлектростанция) куруу боюнча кол коюлду.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев кол коюлган документ калкты электр энегиясы менен камсыз кылууда жана өлкөдөгү энергетикага болгон тартыштыкты жоюга багытталган негизги кадамдардын бири экенин баса белгиледи. Ошондой эле министр Орто-Токой суу сактагычында “Чакан” ГЭС курууга энергетика министрлиги кызыкдар экенин билдирди.

Белгилей кетсек, кол коюуга энергетика министри Таалайбек Ибраев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Финансы- кредиттик фондунун жетекчиси Жусубали Төрөмаматов, «China National Heavy Machinery Corporation» компаниясынын вице-президенти Женг Хенсонг катышты.

Количество просмотров: 2599