• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Орто-Токойдогу суунун азайышы соцтармакта ача пикир жаратты

3 Баш оона 2023 10:11 Бишкек Govori.TV

Орто-Токой суу сактагычындагы суу былтыркыга салыштырмалуу 139,2 миллион метр кубга аз. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирген. Маалым болгондой, Чүй облусунда 320,9 гектар сугат жери, анын 272,7 миң гектары мамлекеттик системага, 48,1 миң гектары чарбалык системага туура келет.

Орто-Токойдо суу аз экени буга чейин да соцтармак колдонуучулары тарабынан катуу талкууларды жаратып келген. Окурмандардын айтымында суу сактагычтагы суу жыл сайын тартылып жатат.

Ал эми «Temirov LIVE» командасынын «Айт Айт Десе» аттуу каналына чыккан Орто-Токой суу сактагычынын соолуп баратканы тууралуу иликтөөсү талкуу жаратты.

Бул арада Маданият министринин орун басары Марат Тагаев суу сактагычтагы суунун аз экенин айткандарга жооп берген билдирүүсү соцтармакты эки жээкке бөлдү.

Кошумчалай кетсек, Маданият министринин орун басары Марат Тагаевдин буга чейинки Кемпир-Абад боюнча билдирүүсү да бир топ талкууга алынган болчу.

Количество просмотров: 145