УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Чүй проспектисинде жүрүп жаткан курулуш иштерин жеринен текшерди.
Ташиев түзүлгөн кырдаал боюнча жеринен таанышып, жолго чыгып кеткен курулмаларды тезинен жокко чыгарып, шаардагы транспорттук кыймылга маанилүү болгон жол тилкесин тез аранын ичинде өз калыбына келтирип, элге ыңгайлуу шарт түзүп берүү боюнча Курулуш министрлигине, шаар мэрине, жана тиешелүү тараптарга тапшырмаларды берди.
Өз кезегинде курулуш компаниясынын жетекчилиги жолду өз калыбына келтирүү, инфраструктуралык абалды жөнгө салуу боюнча милдеттемелерди алып, тез аранын ичинде аткарууну убадалады.
Бишкектин чок ортосундагы бул курулуш көптөн бери талкуунун чордонунда болуп жатат. Айрымдар баштапкы пландалган курулуш азыркыга окшошпой калганын айтышса, айрымдар жолдун боюна куруган имараттан улам жол тарып калганын айтып нааразы болушууда.