Бүгүн, 14-июлда Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарынын мэри кызматтан кетип анын ордуна Баатырбек Жантаев мэр болуп дайындалганы маалымдады.
Жаңы мэр Жантаевдин аты буга чейин президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевге байланыштуу аталган. «Азаттыктын» 2023-жылы сентябрдагы жаңы Ак үйдүн курулушуна байланыштуу иликтөөсүндө Жантаев тууралуу дагы сөз болгон.
Бул арада президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Туманбаев менен Жантаевдин тааныштыгы тууралуу билдирүү жасады.
«Балыкчы шаарына Баатырбек Жантаев мэр болуп барды. Мен аны көп жылдан бери чарба иштеринде бышкан, мыкты менежер катары тааныйм. Буга чейинки мэрдин кыска убакытта кызматтан алынышынан кийин, жаңы келген мэр элдин көңүлүн көбүрөөк бурат болуш керек. Адаттагыдай иликтеп, ар кандай маалыматтарды жазып, кимдир бирөөгө жабыштырып манипуляция кылгандар дагы чыкпай койбойт. Ошондуктан мен алдын ала эле айтып коеюн. Баатырбек Жантаев президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин шакирти. Уюштуруу жана чарба иштеринде өзү тарбиялап бышырган. Иш башкаруучу азыр кандай ыкчам иштеп жатса, Жантаев дагы андан кем калышпай иштей турган кадр. Тажрыйбасы мол, энергиясы ашып турган чагы. Аймактык саясатка дагы ылайык келет, Жантаев Өзгөн районунан болот», — деп жазды ал.