Ош шаарында «Бизнес Хаус КГ» компаниясы ишке ашырып жаткан «Ош Сити» долбоору боюнча президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков комментарий берип билдирүү жазды.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен «Ош Сити» курулуш долбоорунун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлүп, жеринде иликтөө жүргүздү. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштери өз нугунда жана план боюнча жүрүп жатканы аныкталды.
«Ош шаарында «Бизнес Хаус КГ» компаниясы ишке ашырып жаткан «Ош Сити» долбоору боюнча маалымат менен бөлүшө кетейин. Акыркы күндөрү бул долбоордун тегерегинде ар түрдүү талкуулар, түшүнбөстүктөр жана талаш-тартыштар пайда болду. Натыйжада, батир сатып алууга кызыкдар болгон кардарлар арасында да шектенүүлөр жаралды.
Бүгүнкү күнгө чейин 1435 батир жана коммерциялык жайлар сатылып, андан 13,2 млн доллар каражат түшкөн. Компания долбоорго өз каражатынын эсебинен 57,8 млн доллардан ашык инвестиция жумшаган.
Компания тарабынан социалдык объектилер курулуп, аларды мамлекетке өткөрүп берүү милдеттендирилген. 2025–2030-жылдары 1000 батир Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлүп берилет. Мындан тышкары, 350 орундуу төрөт үйү, 2000 орундуу мечит, 16,5 чакырым жол, 4,6 гектарга парк, 700 орундуу мектеп курушат. Жаңы-Барак айылында көп кабаттуу турак үйү түшөт, шаардагы мектептердин терезелерин жаңылоо, спорт аянтчалары, туннель, тротуарлар жана башка жумуштар аткарылат. Мындан тышкары, мамлекетке 27 даана атайын техника тапшырылат. Бул иштердин жалпы наркы 283 101 926 (283 миллион 101 миң 926) долларды түзөт.
Ошондуктан, урматтуу кардарлар, эч кандай кооптонуунун зарылчылыгы жок. «Ош Сити» долбоорундагы иштер белгиленген графикке ылайык ийгиликтүү уланууда», — дейт ал.
Эскерте кетсек, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев мурда рейд учурунда «Ош-сити» турак жай комплексинин курулушу жай жана кечигүү менен жүрүп жатканын билдирген. Анын айтымында, компания 2 миң батир саткан, анын ичинен 1 миң 50сү толугу менен төлөнгөн.
«Сиздер элден 30 миллион доллар алдыңыздар, бирок 5 миллион долларга да иш жасаган жоксуздар. Мен кепилдик берем: аягында силерде жаңжал чыгат, көйгөй жаратасыңар. Барып, эл кандай куруп жатканын көрүп келгиле, силер объектти эбак эле бүтүрүшүңөр керек болчу», — деди шаар башчысы жана УКМКга компаниянын жетекчилеринин чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салууну сунуштады.
Үстүбүздөгү жылдын февраль айында «Ош-сити» масштабдуу долбоорунун курулушунун башталыш аземине президент Садыр Жапаров катышкан.