• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Орунбеков Билим берүү министринин кызматтан кеткендиги тууралуу маалыматты төгүндөдү

2 Чын куран 202513:27 Бишкек Govori.TV

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын кызматтан кеткени тууралуу маалыматты төгүндөдү.

«Социалдык тармактарда министр Догдургүл Кендирбаева кызматынан бошотулду деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт.

Айрым мекендештерибиз бул маалыматка ишенип, аны таратууда. Төмөндөгү документ — фотомонтаж жана министр кызматтан бошотулду деген маалымат жалган», — деп жазды ал.

Количество просмотров: 1538