• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Орунтаев Иса Өмүркуловдун уруксатсыз курулган бастырмасын буздурду (сүрөт)

28 Теке 2023 14:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасынын негизинде, мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин төрагалыгы алдында уруксатсыз кошумча курулган курулуштарды бузуу иштери уланып жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалым болгондой, Кулатов көчөсү менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилишинен баштап М.Горький көчөсүнө чейин жалпы аянты 180 чарчы метрди түзгөн 20 бастырма буздурулду. Ошондой эле жарнамалык конструкциялар да алынды.

Айрым ЖМКлар Байтик Баатыр №65 дарегиндеги курулуштарды демонтаждоо иштерин жүргүзүү учурунда экс-мэр Иса Өмүркулов аталган жерге келип, Орунтаевден чарбалык имаратты таштап кетүүнү суранганын, бирок Орунтаев макул болбой, бузуу иштери уланганын жазды.

Кошумчалай кетсек, Өмүркулов 2011- 2013-жылдары Бишкек шаарынын мэри болгон.

Количество просмотров: 671