Бүгүн, 4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна “75чилердин каты” деп таанылган иш боюнча соттук отурум уланды.
Соттук отурумга бүгүн Бишкектин мурдагы мэри, саясатчы Иса Өмүркулов күбө катары келди. Ал журналисттердин суроолоруна кыска гана жооп берип, “иш жабык каралып жатканын” гана айтты.
Белгилей кетсек, ИИМ ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан сот отурумдары жабык өтүүдө.