Көп кабаттуу үйлөрдө бир батирге бирден автоунаа токтотуучу орун болот деген эреже кирди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.
«Урматтуу туугандар, бүгүнкү күндө шаарларыбызда автоунааларды токтотуу маселеси чоң. Ушул маселени чечүү максатында, Мамкурулуш тарабынан мамлекет жетекчилиги тарабынан атайын иш-пландарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Ушунун негизинде үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан баштап көп кабаттуу үйлөргө 1-1 механизми киргизилген. Тактап айтканда 1 батирге 1 авто токтотуучу жайы болуш керек жана беш кабаттан бийик үйлөргө жер төлөөсүндө атайын унаа токточуучу жайы болушу керек. Эми мындан ары жер төлөөсүндө атайын унаа токтотуучу жайы жок болсо, курулуш уруксат берилбейт. Андан тышкары, курулушта жаңы технологияларды да колдонууга уруксаат бердик. Тактап айтканда сүрөттөгүдөй атайын унаа-лифттерди да колдонууга толук болот. Кеч болсо да, жаңы курулуштарды тартиби менен куралы», — деп жазды ал.