УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарынга барганда курулуш министри Нурдан Орунтаевден үйлөрдүн жай салынып жаткан себебин сураган. Орунтаев иш бетон маселесинен улам кечеңдеп жатканын айткан.
«Бетонду мен же президент келип чечип бериши керекпи? Бетон жок болсо эмне кылышыбыз керек? Анда Нарынды курбай эле койгула. Бир жылда бир кабат көтөрүлгөнүнө таң калдым. Башка жактарда 1 жылда 9 кабатты куруп бүтүп ишке берип жатат. Элдин айтканындай бар, эл көзү менен көрүп аткан үчүн айтып жатат да. Эгер ушундай темп менен курулса дагы 7-8 жыл кетет», — деди Ташиев.