Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен жолукту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Дордой» базарынын ички инфраструктурасын жакшыртуу маселелерин талкуулашты. Базардын инфраструктурасын жакшыртуунун алкагында көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу, аймакты көрктөндүрүү, анын ичинде көлдүн тегерегин тосуу жана сейилдөө зонасын түзүү пландаштырылууда.
Мындан тышкары, калаа башчысы базардын аймагындагы бардык унаа токтотуучу жайларды QR-код аркылуу төлөө системасын киргизүү менен муниципалдык баланска кайтарууну тапшырды.
«Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков базардын аймагында жол куруу иштери 2026-жылдын 1-апрелинен тарта башталарын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында мэр Айбек Жунушалиев Свердлов райондук администрациясына, Муниципалдык менчик башкармалыгына жана Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгына бардык даярдык иштерин, анын ичинде тоскоолдук кылган объекттерди демонтаждоону аяктоо тапшырмасын берди.