• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Орунтаев кытайлык компания менен биргеликте завод курууну пландоодо

13 Кулжа 202515:24 Бишкек Govori.TV

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кытайлык компания менен биргеликте завод курууну пландоодо. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына жазды.

Анын айтымында, Кытай компаниясы менен 10 млн. АКШ долларына келишим түзүлдү. Ага ылайык Кыргызстанда Курулуш министрлигинин базасында жер титирөөгө туруштук берүү үчүн имараттардын пайдубалына орнотулган атайын шаймандар чыгаруу боюнча завод курулат. Башкаруу 51/49 пайыз менен. 51 пайыз мамлекеттин пайызы болот. Бирок Орунтаев кытайлык компаниянын аталышын атаган жок.

«Ушул эле келишимдин негизинде жер кыртышын изилдөө боюнча 3 мобилдик жана 3 лаборатория болот. Андан тышкаары 1,5 млн доллар мамлекетке грант келет. Ал акча каражат Курулуш министрлигинин жабдыктарын алууга жана имараттарын курууга колдонулат. Келишимдин аткаруу мөөнөтү 90 күн, ал убакытта кытайлык компания 11,5 млн АКШ долларын Кыргызстанга алып келет», — дейт Орунтаев.

Орунтаевдин маалыматы боюнча келишимдин иштөө мөөнөтү 7 жыл, ал убакыттан кийин баардык имараттар жана жабдыктар толук мамлекетке өткөрүлөт.

Количество просмотров: 194