• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Орунтаев өлкөдө көрүстөндөрдүн бирдиктүү дизайны иштелип чыга турганын айтты

12 Теке 202415:35 Бишкек Govori.TV

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев маалымат жыйын учурунда өлкөдө көрүстөндөрдүн бирдиктүү дизайны иштелип чыга турганын айтты.

«Биз көрүстөндөрдүн бирдиктүү долбоорунун үстүндө иштейбиз. Эми аларга да “жетебиз”. Мен бул жерге келе жатканда көрүстөндөрдүн бирдиктүү комплексин түзүү боюнча тапшырмаларды бердим. Бул дүйнө жүзүндөгү кадимки эле практика. Белгилей кетсем, биздин диний принциптерибиз кала берет. Биз жөн гана шарттарды түзүп беребиз, эч ким айырмаланбайт, баары жеткиликтүү жана кымбат болбошу керек. Баары эске алынат жана жакынкы аралыкта алгачкы жоопторду, чечимдерди беребиз. Чындыгында эстеликтер өтө чоң жана кымбат экенин айтыш керек. Ушунун бардыгын тартипке келтирип, рекультивациялоого киришүү керек деп ойлойм. Көптөгөн эски көрүстөндөр жабылып, бирок кайра иштетилбей калган”, — деди ал.

Количество просмотров: 199