• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Орусияда алты айда 132 миңдей кыргызстандык ишке расмий орношту

5 Тогуздун айы 2018 16:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек.05.10.2018.Govori.TV.
Орусиянын ИИМинин Миграция башкармалыгына январь-июнь айларында 132 миңден ашуун кыргызстандык Орусиянын аймагында расмий ишке орношкону тууралуу маалымдама жөнөтүлгөн. Ошол эле маалда 161 миңдей жаран чек арада Орусияга келишинин максатын «иш» деп белгилеген. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз элчилигинин биринчи катчысы Алмаш Алтымышева билдирди.
Орусиянын миграциялык мыйзамдарынын талаптары боюнча эмгек мигранттары жумушка орношкон соң жумуш берүүчү же жеке өзү Миграция башкармалыгынын бөлүмдөрүнө түзүлгөн эмгек келишиминин көчүрмөсүн жөнөтүп, Орусияда расмий иштей тургандыгы жөнүндө маалымдашы керек. Мурунку жылы 241 миңдей кыргызстандык менен түзүлгөн эмгек жана жаранды кызмат келишими тууралуу Орусиянын ИИМинин Миграция башкармалыгына маалымдалган.
Орусияда миграциялык мыйзамдарды бир нече ирет бузган чет өлкөлүк мигранттар «кара тизмеге» алынып, өлкөдөн чыгарылат. Учурда 70 миңден ашуун кыргызстандыкка Орусияга кирүүгө тыюу салынган.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Орусияда азыркы кезде 650 миңдей кыргызстандык эмгектенет.
Количество просмотров: 31