• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Тазалык” муниципалдык ишканасы жумушка чакырат

16 Чын куран 202617:47 Бишкек Govori.TV

“Тазалык” муниципалдык ишканасы шаарды тазалоо, көрктөндүрүү жана санитардык абалды жакшыртуу иштерин жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтүү жана эмгекчил жарандарды жумушка чакырат.

Мэриянын маалыматына ылайык, учурда төмөнкү бош жумуш орундары бар:

— жүктөөчүлөр (катуу тиричилик калдыктарына жана санитардык тазалоо бөлүмүнө);

— айдоочулар (С категориясы, 2 жылдан кем эмес иш стажы, аскердик билет милдеттүү);

— жашылдандыруу жумушчулары (чөп чабуу иштерине);

— фонтан кызматкерлери (шаардык фонтан объектилерин тейлөө жана кароо);

— Васильевский тракт участогуна кызматкерлер;

— оңдоочу цехке жумушчулар (техникалык тейлөө жана оңдоо иштерине).

Эмгек акысы 40-45 миң сом. Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылууга болот: Ростовская көчөсү, 19Б.

Количество просмотров: 143