• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан өсүмдүктөрү менен кумшекерди экспорттоого тыюу салды

11 Жалган куран 202214:17 Бишкек Govori.TV

Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан өсүмдүктөрүн жана кумшекерди экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги аталган өлкөнүн экономика жана өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, чектөө 2022-жылдын 31-августуна чейин киргизилди. Чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана ички рынокту коргоо максатындан кабыл алынган.

Ведомстводон ЕАЭБ өлкөлөрүнө кумшекерди орус Айыл чарба министрлигинин уруксаты менен гана экспорттоого болорун кошумчалашты.

Количество просмотров: 835