• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Лукашенко: Беларус Орусиядан Кыргызстанга күйүүчү майды жөнөттү

27 Жетинин айы 202521:22 Бишкек Govori.TV

Минск Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүүгө жардам берди. Бул тууралуу Беларус президенти Александр Лукашенко Бишкектеги ЖККУ саммитинин алкагында журналисттерге маек берип жатып билдирди.

«Украиндер Орусиянын аймагындагы инфраструктуралык объектилерди, биринчи кезекте мунай иштетүүчү заводдорду талкалай баштаганда силер күйүүчү майы жок калдыңар. Албетте, биз россиялыктарга милдеттенмелерибиз боюнча көп нерсе жеткирип жатабыз, кубаттуу эки завод (Беларуста иштеген мунай иштетүүчү заводдор), бирок кыргыздар жардам сурашты: «Күйүүчү май жок!». Биз жооп бердик, Владимир Владимирович менен сүйлөштүк, россиялыктардан бир бөлүгүн жулуп алдык жана силер менен кызматташып жатабыз. Биздин абдан жакын, жакшы мамилелерибиз бар», — деди ал Бишкекте өткөн ЖККУ саммитинин алкагында кыргыз журналисттерине берген маалымат жыйынында.

Эскерте кетсек, Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке болгон мамлекеттик сапарынын алкагында күйүүчү майды сатып алуу боюнча Орусия менен жаңы келишимге кол коюлганын кабарлаган. Бул келишим 2026-жылга чейин күчүндө болот.

Количество просмотров: 159