• Дүйшөмбү 1 Теке 2024
  • Понедельник 1 Июль 2024
MOSCOW, RUSSIA — MAY 16, 2018: The offices of the Russian Federation Council. Valery Sharifulin/TASS Ðîññèÿ. Ìîñêâà. Çäàíèå Ñîâåòà Ôåäåðàöèè ÐÔ. Âàëåðèé Øàðèôóëèí/ÒÀÑÑ

Орусия парламенти өкмөттүн жаңы курамын жактырды

15 Бугу 2024 13:14 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Федерациялар кеңеши президент Владимир Путин күч түзүмдөрүнүн башчылары жана тышкы иштер министри кызматтарына сунуштаган талапкерлердин бардыгын жактырды.

Ага ылайык, Коргоо министрлигинин башчысынан тышкары бардык министрлер өз орундарын сактап калышты. Күтүлгөндөй эле Федерациялар кеңеши коргоо министри кызматына Андрей Белоусовдун талапкерлигин жактырды.

Белоусов орус парламентинин жогорку палатасынын жыйынында сүйлөп, артыкчылыктуу багыттардын бири армияны комлектациялоо болорун билдирди. Ошол эле маалда ал мобилизация жөнүндө сөз жок экенин белгиледи.

Жаңы министр мындан тышкары Коргоо министрлигинин алдында армияны заманбап курал-жарак, байланыш каражаттары жана учкучсуз учуучу аппараттар менен камсыз кылуу маселеси турганын кошумчалады.

Бул дайындоого чейин Белоусов өкмөт башчысынын биринчи орун басары кызматында иштеген. Буга чейин өлкөнүн Коргоо министрлигин жетектеген Сергей Шойгу Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматына дайындалды.

Мындан тышкары ушул эле күнү орус парламентинин жогорку палатасы Путиндин жакын досу Юрий Ковальчуктун уулу Борис Ковальчукту Эсеп палатасынын башчысы кызматына бекитти.

Өз кезегинде Мамдума өкмөт башчысы Михаил Мишустин тарабынан жарандык блоктогу министр кызматтарына сунушталган талапкерлердин бардыгын жактырды. Ага ылайык, министрликтердин 16 жетекчисинин бешөө алмашты: өнөр жай жана соода министри кызматына Калининград облусунун губернатору Антон Алиханов, транспорт министри кызматына Курск облусунун губернатору Роман Старовойт, спорт министри кызматына Хабаровск крайынын губернатору Михаил Дегтярёв, айыл чарба министр кызматына айыл чарба министринин биринчи орун басары Оксана Лут жана энергетика министри кызматына Кемеров облусунун губернатору Сергей Цивилев дайындалды.

Башчылары министрлик кызматтарга сунушталган Курск, Калининград, Кемеров облустарынын жана Хабаровск крайынын губернаторлорун шайлоо быйыл сентябрда өтөт.

Количество просмотров: 65