• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Тажикстан Орусиядагы жарандарын этият болууга чакырды

28 Жалган куран 2024 9:15 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Орусиядагы элчилигине караштуу Коомдук кеңеш тажик жарандары үчүн билдирүү таратып, чет өлкөлүктөр үчүн Орусиянын аймагындагы кырдаал өзгөрбөгөнүн билдирди.

Кеңештин 26-марттагы билдирүүсүндө Орусияда чет элдиктерге көзөмөл күчөгөнү, кандай гана маалымат болбосун, ар кайсы тайпалардан эмес, орусиялык жана тажикстандык расмий органдардан, алардын сайттарынан алуу керектиги жазылган.

Мындан тышкары Telegram каналдарда, тайпаларда жана башка социалдык түйүндөрдө ар кандай радикалдуу жана экстремисттик топтор адамдарды террордук акт жасоого азгырып жатканы, андайлардан оолак, этият болуу зарыл экени эскертилди.

Ал арада айрым тажик мигранттары Москванын чет жакасында жайгашкан «Крокус Сити Холл» концерттик залындагы теракттан кийин орус бийлигинин жана жергиликтүү тургундардын аларга карата мамилеси начарлаганын билдирүүдө. Тажикстандын бийлиги мындай билдирүүлөр боюнча комментарий берген жок.

22-мартта «Крокус Сити Холлго» концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болуп, кеминде 143 кишинин өмүрү кыйылган.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын маалымдаган. Алардын сегизи тергөө абагына камалды. Камалгандардын жетөө тажикстандыктар, бирөө теги кыргызстандык орус жараны экени белгилүү болду.

Окуядан кийин Орусияда борборазиялык мигранттарга мамиле өзгөргөнү, алардын коопсуздугу үчүн коркунуч жаралганы социалдык түйүндөрдө кабарланууда.

Количество просмотров: 110