Орусиянын “Газпром” компаниясы катуу суук өкүм сүрүп жаткан маалда Өзбекстанга газ берүүнү көбөйттү.
Бул тууралуу 26-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путинге компаниянын төрагасы Алексей Миллер билдирди.
Миллердин айтымында, учурда жеткирүүнүн көлөмү «кол коюлган келишим боюнча күнүмдүк милдеттенмелерден эки эсеге» ашат жана «Орто Азия-Борбор» газ ташуу системасынын максималдуу өткөрүү жөндөмдүүлүгүнө туура келет.
7-октябрдан тарта Өзбекстан күз-кыш мезгилиндеги көгүлтүр отун тартыштыгынын бир бөлүгүн жабуу үчүн Казакстан аймагы аркылуу Орусиядан газ импорттой баштаган.
«Өзбекстан үчүн «Орто Азия-Борбор» газ кууру аркылуу газ берүү мүмкүнчүлүгү күз-кыш мезгилинен чыгуу үчүн абдан маанилүү фактор болуп саналат. Ал эми бизде азыр мындай техникалык мүмкүнчүлүктөр бар – биз өзбек кесиптештерибиздин өтүнүчү боюнча Өзбекстанга газды толугу менен жеткирип жатабыз», — деп белгиледи «Газпромдун» башчысы.
Октябрда Орусиядан Өзбекстанга 300 миллион куб метрге жакын газ жеткирилген.