• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Орусияда 19 жаштагы кыргыз кыз бычакталды

18 Баш оона 2021 16:13 Бишкек Govori.TV

Орусияда 19 жаштагы кыргыз кызы 9 жолу бычакталган. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кылмыш 6-августка караган түнү болгон. Айыпталуучу кызга кол салып, сумкасын тартып алууга аракет кылган. Кыз каршылык көрсөткөндө, кол салган адам бычак алып чыгып, аны далысына тогуз жолу сайып жиберген. Ал алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.

Кармалган адамга карата “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү — Украинанын 46 жаштагы жараны экени белгилүү болду. Ал күнөөсүн мойнуна алды. Сурак учурунда окуя болгон жерден анча алыс эмес жерде жашай турганын, тоноо максатында ушундай кадамга барганын билдирген.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, 19 жаштагы кыргыз жараны Россияга 2020-жылы келген. Ошол күнү ал англис тили курстарынан үйүнө кайтып келе жаткан.

Количество просмотров: 23