• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Орусияда 2 жашар кыздын өлүмүнө шектелип кармалган кыргызстандык тууралуу элчилик үн катты

1 Бирдин айы 2022 10:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык бала багуучу караган эки жашар кыздын каза болуп калганын байланыштуу маалымат берди. Анда бул окуядан улам 1987-жылы туулган «И.Н.М.» аттуу кыргызстандык жаранга кылмыш иши козголуп, камакка алынганы айтылат.

«Укук коргоо органдарынан алынган маалыматка караганда, «И.Н.М.» бала багууда коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүүгө жол берген, анын натыйжасында бала шектүүнүн батиринде каза болгон. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп ажазылган маалыматта.

Буга чейин орусиялык айрым басылмалар бала багуучу кыздын өлүмү тууралуу апасына дароо кабар бербей, эки күн жашырып жүрүп алганын жазышкан.

Количество просмотров: 369