• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Орусияда 4-кабаттан кулап каза болгон аял. Элчилик эмне дейт?

20 Жетинин айы 202317:16 Бишкек Govori.TV

Москва облусунун Павшино аскер шаарчасында (Красногорск шаардык окургу) аял үйдүн 4-кабатындагы батирдин терезесинен кулап каза болгондугу жана батирдин ичинен полиция кызматкерлери бычактан жаракат алган адамды табышкандыгы тууралуу маалыматтын ЖМКларда тарап жатканыдыгына байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымат таратты.

Маалым болгондой, учурда Россия Федерациясынын компетенттүү органдары тарабынан иштин чоо-жайын тактоо боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат. Окуяга катыштыгы бар 2 адам тең Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналат.

«Каза болгон жарандын сөөгү элчиликтин жана миграция боюнча өкүлчүлүктүн көмөгү менен Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Ал эми экинчи бычактан жаракат алган 1970-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран бүгүнкү күндө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул маселе Элчиликтин көзөмөлүндө»,-деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Орусиянын бир катар жергиликтүү басылмалары 29-октябрда Москва облусунун Павшино шаарчасында кыргызстандык келин 4-кабаттагы батирдин терезесинен кулап каза болгонун жазышкан. Полиция келин терезесинен кулаган батирдин ичинен төшүнө бычак сайылган абалында дагы бир кыргызстандык жаранды тапканы кабарланган.

Количество просмотров: 446