Орусиянын Башкы прокуратурасына ырчы Алла Пугачеванын украин Куралдуу күчтөрүнө «каржылык колдоо көрсөткөн-көрсөтпөгөнүн» текшерүү өтүнүчү менен кат келип түштү.
Орус ЖМКларынын маалыматына караганда, Пугачевага каршы катты «Коопсуздук жана жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча федералдык долбоордун» башчысы Виталий Бородин башкы прокурор Игорь Красновдун атына жазган. Анда Израилде жашап жаткан ырчы Орусиядан чыгып кеткен жана согушту сындаган маданият кызматкерлерин колдоп, украин армиясына каржылык жардам көрсөтүп жатканы жазылган.
Бородин «Пугачеванын ишмердүүлүгү чет өлкөдөн каржыланарын жана анын батыш атайын кызматтары менен байланышы бар экенин» аныктап чыкканын билдирүүдө.
Алла Пугачева үй-бүлөсү менен былтыр февралда Орусиядан чыгып кеткен.