Орусияда эки адамга коронавирус жукканы аныкталды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, экөө тең Кытай жараны. Учурда бир бейтап Тюмен облусунда экинчиси Забайкалье аймагында жатат.
Ал эми Россиянын вице-премьери Татьяна Голикова өпкөнү сезгентүүчү коронавирустун өлкө аймагына тарап кетүү коркунучу жок экенин билдирген.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытайдагы коронавирусту эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп атады. 1-февралга карата Кытай Эл Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына ылайык, вируска кабылгандардын саны 11 миңден ашып, каза болгондор 259га жетти.