• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Орусияда коронавируска чалдыккан кытайлыктар сакайды

13 Бирдин айы 2020 13:13 Бишкек Govori.TV

Орусияда коронавируска чалдыгып, Забайкалье аймагындагы ооруканага жаткырылган кытайлык турист айыгып, бейтапканадан чыгарылды. Бул тууралуу Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Тюмень ооруканасында ушул илдеттен улам дарыланып жаткан кытайлык студент кыз да 11-февралда сакайып, үйгө чыгарылганы кабарланган.

Экөө менен байланышта болгондор азырынча карантинде сакталууда.

Соңку маалыматка караганда Кытайда вирусту жугузуп алгандардын саны 45 миңге чукулдап, миңден ашуун адам жашоо менен кош айтышты. Женевада өткөн жыйында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебриес дүйнө өлкөлөрүн бул олуттуу коркунучка каршы бирге турууга үндөдү.

Ал «вирустун кесепеттери террордук аракеттердикинен да оор болорун» эскертти. Бээжин 12-февралда маалымат таратып, оору жугузгандардын саны азая баштаганын билдирген.

Количество просмотров: 356