• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Орусияда Кыргызстан менен Туванын жарандары мушташты

13 Чын куран 2021 10:15 Бишкек Govori.TV

Санкт-Петербург шаарынын борборунда Кыргызстан менен Тува Республикасынын жарандары мушташты. Бул тууралуу орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

Окуя 12-апрель күнү болжол менен саат 4:30 чамасында Садовая көчөсүндөгү «Money Honey» түнкү клубунун алдында болгон.

ЖМКдагы маалыматка караганда, мушташта 4 адам бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Ал эми полиция кызматкерлери 20 адамды кармашты. Кылмыш ишин козгоо маселеси дагы каралууда.

Количество просмотров: 10279