• Дүйшөмбү 1 Теке 2024
  • Понедельник 1 Июль 2024

Орусияда кыргызстандыктар катышкан мушташ боюнча кылмыш иши козголгону кабарланды

25 Кулжа 2024 9:06 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Петропавловск-Камчатка аймагында кыргызстандык мигранттар мушташып, эки адам жаракат алганын «Регион41» телеканалы 24-июнда маалымдады.

Телеканал Ютубга жарыялаган тасмада бир катар кыргызстандыктар журтташтары отурган унааны таш менен койгулап жатканы тартылган. Телеканалдын комментарийине караганда, мушташты өтүп бара жаткан адам видеого тартып алып, соцтармактарга жарыялаган.

Жергиликтүү полиция «Ээнбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Аталган аймактагы кыргызстандыктардын «Мекендештер» диаспорасынын төрайымы Нура Курманбекова жергиликтүү элден кечирим сураган постун «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды.

Социалдык тармактардагы маалыматтарга караганда, кыргызстандыктар кафеде отуруп, тил табыша албай уруша кетишкен. Бир тобу сырттан тааныштарын жардамга чакырышкан.

Окуя тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги азырынча маалымат бере элек.

Количество просмотров: 88