• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Россиядагы мигранттар санариптик ММК полисин кантип ала алышат

15 Бирдин айы 2024 16:11 Бишкек Govori.TV

Эмгек министрлиги Москвадагы эмгек мигранттарына санариптик милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полисин кантип акысыз алууга болору тууралуу маалымат берди.

Мекеме 15-февралдан тарта Москва шаарында иштеген кыргызстандыктар милдеттүү медициналык камсыздандыруунун санариптик полисин ала аларын маалымдады. Ал үчүн министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнө Малая Полянка көчөсү, үй № 7 дареги боюнча баруу керек. Каттоо ар бейшемби күнү саат 11.00дөн 17.00гө чейин жүргүзүлөт.

Алуу акысыз. Төмөнкү документтердин түп нускаларын гана көрсөтүү керек (18 жаштан баштап чет өлкөлүк жарандар үчүн):

  • чет өлкөлүк жарандын паспорту;
  • эмгек келишими (жарандык укуктук келишим эмес, контракт эмес жана башкалар);
  • жеке эсептин камсыздандыруу номери (ЖЭКН- СНИЛЗ) (сөзсүз);
  • чет өлкөлүк жарандын келүүсү жөнүндө кабарлоо бланкынын айрыма бөлүгү.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун санариптик полиси:

  • Россиянын бардык аймагында акысыз медициналык жардам алууга;
  • диспансеризациядан жана профилактикалык текшерүүдөн өтүү;
  • адистештирилген медициналык жардам алуу үчүн дарылоо мекемелерин тандоо мүмкүнчүлүгүн берет.
Количество просмотров: 78