• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Орусияда мигранттар үчүн тил сынагын университеттер гана өткөрөт

29 Чын куран 2024 12:48 Бишкек Govori.TV

Чет элдиктер үчүн тил сынагын өткөрүүгө укугу бар 12 университеттин баары коммерциялык өнөктөштөр менен келишимин токтотту. Бул тууралуу Орусиянын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

«Ошентип, коммерциялык аянтчаларда билим берүү уюмдарынын атынан сынактарды өткөрүү токтотулду», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

«Эми чет элдик жарандар үчүн экзамендерди университеттер жана башка мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар гана өткөрөт. Иш-чаранын максаты – сапатка көзөмөлдү күчөтүү. Сынак өтүүчү жерлер бардык аймактарда пайда болот», — деп ырастады ведомство.

Количество просмотров: 77